Биз социалдык тармакта

"Көл эмес эгер кыз болсоң, көз тиймек экен капкачан". Сары-Челектин көпчүлүктү суктандырган көрүнүшү

Атканда тоодон кашка таң,
Артыкча сонун байкасаң.
Көл болбой эгер кыз болсоң,
Көз тиймек экен капкачан.

Белгилүү акын Байдылда Сарногоев Сары-Челек көлүн ыр менен дал ушундай сүрөттөгөн. Ушинтип көркүн акындар ырга салган тоо коюнунда жайгашкан Сары-Челек жылдын кайсы мезгили болбосун көркүнө чыгып, кооздугун жоготпой турат. Көлдү көрүүгө жыл сайын өлкө ичинен жана чет өлкөдөн туристтер агылып келет. Аталган көлдүн жаз мезгилиндеги ажайып кооздугун сүрөткө тарткан Юлия Палькина аттуу интернет колдонуучусунун керемет сүрөттөрүн окурмандарга тартуулайбыз.

Сары-Челек биосфералык коругу Аксы районуна караштуу Аркыт айылында жайгашкан. Корук 2016-жылы 17-июлда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Коруктун кооздугу, жаңгактуу токою менен Сары-Челек көлү.

Сары-Челек көлүнүн узундугу 7,5 чакырым, туурасы 3 чакырым. Ал эми тереңдиги 250 метр. Айланасында 6 көл бар, алар Ийри-Көл, Ара-Көл, Чөйчөк-Көл, Туюк-Көл, Кыла-Көл жана Бакалы-Көл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Guliza-86
2021-05-28 10:20:29
Көргөндүн көзүн күйдүргөн, көлдөрү сонун кыргыздын.
Арча жыты аңкыган тоолору сонун кыргыздын.
Көз тийбесин жериме, тынчтык болсун элимде.
+11
Kari
2021-05-28 13:15:49
Ушундай кооздукту,сулуулуктун кадырына жетип,айлана тегерегин тазалап,жакшынакай отургучтарды коюп,урналарды коюп,эс алганы баргандар да туш келди мусорлорун таштабаса.Бакалашка,памперс,пакеттер корунгон жерге ыргытпасаныздар.Кооздугу кооз жерибиз коз тийбесин,тазалыка да конул болунуздор сураныч.
+4
NeRiNa
2021-05-28 23:15:18
Бах бах бах го. Жаратканга чексиз шугур ушундай бейиш жерде мекенибиз кылып жаратып койгонуна.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан