Депутат Исмаил Исаков өкмөт отставкага кетиши керектигин айтты

Парламенттин 23-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков "Кумтөр" боюнча өкмөттүн "Центерра" менен кайрадан сүйлөшүүгө баруусу мыйзамсыз экенин айтты. Депутат өкмөттү отставкага кетирүү керек деген ойдо. "Өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткарган жок, сунуштаган меморандумун жокко чыгардык. Эми кантип кайрадан бул өкмөттү сүйлөшүүгө жөнөтөбүз. Өкмөт отставкага кетиши керек да Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын талап кылышыбыз керек",- деди Исаков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан