Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактары "жакты" (лайк) көрсөткүчүн ыңгайлаштыруунун жаңы жолдорун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Эми Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарынын колдонуучулары "жакты" белгисинин санын өзүнүн постторунан эч кимге көрүнбөгөндөй кылып жашырып коюуга мүмкүн болот. Посттогу "жакты" белгисинин эсебинин ордуна "жана башкалар" деген сөз айкашы көрсөтүлөт.
Инновациянын авторлорунун айтымында, бул колдонуучуларга болгон "жакты" белгисинин санына байланыштуу социалдык кысымды азайтууга жардам берет.