Биз социалдык тармакта

Күн ачык болот. 29-майга карата аба ырайы

Эртең, 29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,

Талас жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +31...+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан