"Кумтөр" кенинде иштер уланып жатат. Учурда журналисттер "Кумтөрдүн" иштери менен таанышууда.
Centerra Gold Inc. "Давыдов" мөңгүсүн талкалоо жолу менен кен казып, мунун айынан 178 миллион куб аянты жок болгону айтылды. Бул тууралуу журналисттерге Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди.