Биз социалдык тармакта

ИИМдин ички аскерлеринде куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 28-майда ИИМдин Ички аскерлеринде Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Салтанатту иш-чарага ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысынын орун басары Дамир Алыбаев, Ички аскерлеринин өздүк курамы, ардагерлери жана өз ара аракеттенүү органдарынын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Алыбаев Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери 1999-2000-жылдарда Чаткал, Баткен окуясында, ушул жылдын 28-29-апрелиндеги республикабыздын Баткен облусундагы куралдуу тирешүүсүндө өлкөнүн коопсуздугун сактоодо зор салымдарын кошушкан деп белгилеп өттү.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ички аскерлеринин буйругу менен бир катар аскер кызматкерлер, ардагерлер жана коноктор грамота, төш белги жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга майрамдык концерт сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан