
Эртең, 29-майда Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Кызыл-Кыя шаарынын Кувасай, Суукана, Каганович, Сулайманабад, Космодемьянская, Фрунзе, Механизаторский, Корчагин, Крупская, Дружбы Народов, Свердлов, 61-разъезд көчөлөрү;
* Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтү;
* Өзгөн районунун Мырза-Аки, Алтын-Булак, Дон-Булак, Өзгөн шаарынын Мукумий, Улукбек көчөлөрү;
* Араван районунун Анаров, Керме-Тоо айыл өкмөттөрү;
* Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтү, Баткен шаарынын Чет-Булак, Тулку-Таш, Тура-Таш кварталдары.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.