"Салмагы 6 килограмм". Англияда алп наристе төрөлдү

Англиянын Бакингемшир графтыгына караштуу Чеддингтон шаарында алп наристе төрөлдү. Анын салмагы 6 килограмм, бою 60 сантиметр. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышат.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Эми Смит менен 28 жаштагы жолдошу Зак уулу салмактуу болуп төрөлөрүн алдын ала УЗИнин жыйынтыгы менен билишкен. Бирок салмагы менен бою күтүлгөндөн да жогору болгон. Ымыркай төрөткананын таразасына батпай калган. Мындан улам башка тараза алып келишкен. Анын бою 60 сантиметрди түзүп, салмагы 6 килограмм болгон. Ымыркайды 2 киши көтөргөн.

Ымыркайга алдын ала алынган кийимдер кичинекей болуп калып, ага 6 айлыктан 9 айлык наристелерге ылайык кийим алууга туура келген. Алп наристеге Загрис деген ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-05-29 08:04:36
Омурун берсин.
+6
Sonyasonya
2021-05-29 10:25:52
Мен дагы салмагы 5,1,бою 58см болгон уул торогом. Ото оор эле экен
+8
algakaray
2021-05-29 11:17:20
Коз тийбей аман эсен чонойсун!
+5
aslan_akjol89
2021-05-29 13:45:18
Омурун берсин!!!Кандайча 2 киши которгон?60кг дегендей жазды го супер инфо.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан