Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон эки күндүк иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баткен районунун чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, аскер бөлүктөрүнөн кабар алды жана жергиликтүү тургундар, аскер кызматчылары менен баарлашты.

Ошондой эле Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан