Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Арча-Бешик конушунда 180 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы Ойсул-Ата көчөсүндө бала бакчанын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкташкан. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 889,3 чарчы метрди түзөт.

Долбоор боюнча, биринчи кабатка ашкана, методикалык окутуу, ойноо, тамак бөлүштүрүү, уктоочу, техникалык жабдуу, кабыл алуу, медициналык жана дарылоо бөлмөлөрү жана даараткана каралган.

Экинчи кабатта музыкалык-гимнастикалык зал, ашкана, ойноо, кабыл алуу, жуунуучу, техникалык көзөмөл бөлмөлөрү, кампа жана менеджердин бөлмөсү бар.

Арча-Бешик конушунда 35 миң 605 адам жашайт, 4 миң 209 мектеп курагындагы, 3 миң 15 мектепке чейинки курактагы балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан