Улуу Британияда таштан курулган даараткана аукционго коюлду

Улуу Британиянын Корнуолл графтыгына караштуу аскалуу Ленс-Энд кыркасындагы мурдагы коомдук даараткана аукциондо сатылат. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка караганда, алгачкы баа 25 миң фунт стерлингден (болжол менен 2 миллион 967 миң сом) башталат.

"Бул таштан курулган даараткана Тревован кыштагында жайгашкан. Анын өзгөчөлүгү деңизге бет маңдай жайгашып, чар тарап эң кооз көрүнөт. Аукцион ушул жылдын 14-16-июнь күндөрү онлайн форматында өтөт. Даараткананы сатып алган адамга кошумча ошол аймактан 0,08 гектар жер тилкеси берилет", - деген аукциондун уюштуруучуларынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан