Биз социалдык тармакта

Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат

Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат. Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет, Жалал-Абаддан 2 ирет жүргүзүлөт.
"Туристтик мезгилдин ачылышы менен "Ысык-Көл" аэропортуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
18-июндан тартып "Тез Жет" авиакомпаниясы Ош – Ысык-Көл – Ош жана Жалал-Абад – Ысык-Көл – Жалал-Абад эки туруктуу каттамдарды ачууда.
Ош шаарынан каттамдар аптасына 3 ирет жүргүзүлөт (шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү). Ал эми Жалал-Абаддан каттамдар аптасына 2 ирет жүргүзүлөт (дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү)", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dastanali
2021-05-29 19:52:22
Жакшы жанылык го
+2
nazira...
2021-05-29 20:35:58
Баасын да жазып койбопсунар биротоло.
+5
Dembele84
2021-05-29 21:04:52
Давно кыла турган нерсеге эми жетип отурабыз.Через Бишкек надеол уже!
+5
Aiymkan89
2021-05-30 01:58:38
Бул акимдер учун болду да. Ротация болуп байкуштарга жаман болду. Жок дегенде самолёт менен келип турушсун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан