Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дайынсыз жоголгон эки өспүрүм кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери кыздарды табууга жардам берген жарандарга ыраазычылык билдирет.
Кечээ, 29-май күнү Каракол ШИИБине 47 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 28-май күнү саат 10:00 чамаларында кыздары 2005-жылы төрөлгөн Аделя Сапарахунова жана 2011-жылы туулган Мырзайым Сапарахунова үйдөн чыккан боюнча кайра кайтып келишпегенин билдирген.