Бир сутка ичинде 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Чүй облусунда – 1;
Ош шаары – 1;
Ысык-Көл облусу – 1;
Талас облусунда - 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлер арасында – 4652 катталса, 4572 медицина кызматкери айыкты.