Канаданын Торонто шаарынын тургуну үйүнө кирген ууруга кат жазып, ал үчүн эң кымбат болгон буюмду кайтарып берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, ал ууруга жазган катын көчөдөгү устундарга чаптап чыккан. Кылмышкерге кайрылуусунда ал уурдап кеткен фотоаппараттын ичиндеги флеш картасын кайтарып берүүнү суранган.
"Менин үйүмдү тоноп кеткен адамга кайрылам. Сураныч, акча, фотоаппарат жана башка буюмдарды алып калып, флеш картаны кайтарып бер. Анда менин итимдин жашоосундагы акыркы сүрөттөрү бар. Мен ал сүрөттөрдү эч нерсеге алмаштыра албайм. Флеш картаны короого ыргытып коюшуңду же почта аркылуу салып жиберишиңди өтүнөм", - деп жазган Торонто шаарынын тургуну.
Итинин бир нече күн мурун өлгөнүн айткан тургундун каты социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар анын издеген буюмунун табылып калуусуна тилектештигин жазышууда.