Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Талас облустук драма театрдын курулушун көзөмөлдөйт
Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 2007-жылы
курулушу башталып бүтпөй жаткан Талас облустук драма театрынын курулушун көзөмөлдөйт. Бул тууралуу 23-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Комитеттин
облуста өткөн кезектеги көчмө жыйынында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева социалдык объектилер боюнча маалымат берип,
кемчиликтерди жоюуда жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө тармактык
комитеттин колдоосуна муктаж экенин баса белгиледи. Ошондой эле жыйында бала
бакча, архив кызматкерлеринин маянасынын аздыгы өңдүү суроо-талаптар менен ар
кандай сунуш, пикирлер айтылып, соңунда айтылган сунуштарды Өкмөткө жолдоо боюнча
чечим кабыл алынды.