Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерге кайрадан шайлоо өткөрүүгө 48 миллион 344 миң сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул каражат шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына коротулат.
Эске салсак, буга чейин Бишкек, Ош, Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, шайлоо 11-июлга белгиленген.