1-июлдан тартып өлкө аймагында алкоголь жана тамеки продукцияларын милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынат.
"Арак ичимдиктери, шараптар, коньяктар, алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш.
Товарлардын көрсөтүлгөн топторун өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар маркалоонун GTIN-коддордун алуу үчүн биринчи кезекте "GS1 Kyrgyzstan" предметтик номерлөө ассоциациясына кирүүсү зарыл. Андан кийин маркалоонун улуттук оператору "Альфа Телеком" менен алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүнүн катышуучуларына маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлөт. Маркалоо коддоруна буйрутма берилип, алар товарга чапталат", - деп жазылат маалыматта.
"Альфа Телеком" менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылса болот (Бишкек шаары):
Ош шаарында — Масалиев 2 (багыттама – Каныкей эстелиги).