Бүгүн, 31-майда депутат Бактыбек Райымкулов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди сындады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Бүгүн сиздин башыңызга чөп сындырып коёлу. Буга чейин комитет жыйындарына келбей жүрөсүз. Сиз бир нече жолу комитет жыйынына келбей койдуңуз. Биз сиздин жыйынга келишиңизди талап кылганда, депутаттарга сын айтып чыктыңыз. Коронавирус менен ооруган дарыгерлерге компенсация качан берилет?", - деп сурады депутат министрден.
Алымкадыр Бейшеналиев: "Мен министр болуп келгенде 80 кишиге берилиптир. Компенсация 1 миң 137 адамга берилди", - деди.