Бишкек - Нарын -Торугарт жолунда таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 31-майдан 4-июнга чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.
"Саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Боом капчыгайындагы жолдун айрым бөлүктөрүн жабат. Жол тазалоо учурунда транспорт жолдун бир тилкеси менен жүрөт", - деп айтылат маалыматта.
Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырат.