Биз социалдык тармакта

Өткүн өтөт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 31-майда Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +18…+20, күндүзгү жогорку температурасы +32…+34 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан