"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Чыгыш-5 кичи районундагы сейил бакты жаңы жабдуулар менен камсыздоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисиндеги сейил бакта "кол чатыр" түрүндөгү үч чатыр орнотулуп, көлөкө жаратуу үчүн темир каркаска, жыгачтан жасалган тилкелер жабдылды.
"Ушул тапта сейил бак иретке келтирилип, таман таштар төшөлүп, отургучтардын жана таштанды челектердин көрүнүшүн жаңыртуудабыз.
Белгилей кетсек, сейил бак ишкана тарабынан 2019-жылы курулган", - деп айтылат маалыматта.