Биз социалдык тармакта

Жалпы жарандык паспортту кантип тез арада алууга болот?

Мамлекеттик каттоо кызматы 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду тез арада бере баштады. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-майында биометрикалык паспортторду каттоого документтерди кабыл алуу башталды. Кыргыз жарандары паспортторун 27-майдан тартып ала башташты. Жаңы биометрикалык паспортту эң биринчи көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айжан Съездбекова жана балдар арасындагы эки жолку чемпион Эмир Шаршенбеков алышты.

31-майдан баштап жарандар Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандык паспортун тез арада ала алышат.

Шашылыш режимде 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту үч саат, 2 күн, 4 күн жана 8 күндүн ичинде алууга болот. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы айырмаланат. 2020-жылдын үлгүсүндөгү 34 барактуу жалпы жарандык паспорттун баасы: 8 күн - банктын комиссиясы менен 2300 сом. 4 күн - банктын комиссиясы менен 2665 сом. 2 күн - банктын комиссиясы менен 3010 сом. 3 саат - банктын комиссиясы менен 6475 сом.

Атын жана улутун өзгөрткөндө:

8 күн - банктын комиссиясы менен 2400 сом. 4 күн - банктын комиссиясы менен 2765 сом. 2 күн - банктын комиссиясы менен 3110 сом. 3 саат - банктын комиссиясы менен 6575 сом. Мамлекеттик алымды төлөгөндүктөн бул кызмат 100 сомго кымбаттады.

Жоголгон жана жараксыз паспортту алмаштыруу 8 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2500 сом. 4 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 2865 сом. 2 күн - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 3210 сом. 3 саат - банктын комиссиясы жана мамлекеттик алым менен 6675 сом.

Документтерди каттоо жана биометрикалык паспортторду берүү жашаган жерине карабастан каалаган калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-06-01 09:08:49
Бекер берилет деп атып, баасы асмандын башы болуп кетиптир го
+1
Sofiya05
2021-06-01 10:58:58
Жаш балдардын паспорту канча болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан