Чүйдүн Сокулук районунда 15 жаштагы Рустам Ешалиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 17-май күнү Военно-Антоновка айылында жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

"Белгилей кетсек, аталган өспүрүм буга чейин дагы балдар үйүнөн качып, милиция кызматкерлери тарабынан кайтарылган. Бүгүнкү күндө бала Бишкек шаарынын аймагында тилемчилик кылып жүрүшү мүмкүн деген маалыматтар бар", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Белгилери: бою 162 сантиметр, арык чырай, көздөрү күрөң, чачы кара.
Кийген кийими: кызыл түстөгү футболка, көк түстөгү спорттук шым, күрөң түстөгү спорттук бут кийим.