Биз социалдык тармакта

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин кабыл алды. Эмне маселе талкууланды?

Бүгүн, 31-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Жолугушуу тажик тараптын демилгеси менен уюштурулду. Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды. Апрель айында болгон кайгылуу окуялардын контекстинде министр Казакбаев достук мамилелерин бекемдөөгө жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышууларды болтурбоого өбөлгө түзүүгө чакырылган Бишкектеги жана Дүйшөмбүдөгү эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жоопкерчиликтерин жана дипломаттардын алдыңкы ролун өзгөчө басым менен белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Руслан Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынан өтүүсүн кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен сүрөттөө боюнча практикалык натыйжаларга жетишүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле эки мамлекеттин аймактарында Кыргыз өлкөсү жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу туруусуна тиешелүү маселелер талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KGZ-RUS
2021-05-31 18:36:41
Конул боштук кылбагыла жестка ответ бергиле
+9
Aimani
2021-05-31 18:49:48
Чек араны ачпай тургула.Мурдуларына суу жетсин.Качан эле тажик тараптын демилгеси менен жолугушту,талкуулашты дегенди окучу элек.Менимче кыйналып атышат элдер чек ара жабык болгонго,душанбеден москвага билет асмандын башы экен.даже жок.КРга Кире албай калышты.товарлар отпой калды.
+13
zam81
2021-05-31 19:09:17
Оздору чакыра баштадыбы суйлошуго дагы труш керек жалдыраганча
+9
nazira...
2021-05-31 19:37:10
Рас эле болуптур, ажап болуптур, до конца тургула. Былжырап болбогон акчага сатылып кетчи эле кыкең. Рахмон кудай албагыры өзү жалдырасын.
+5
zilish_kg
2021-05-31 20:19:13
Булардын элчиси аракет кылып жатыптыр, биздин элчи ошончо тополоңдо да үн катпаганы таң калыштуу. Чек араны ачпаш керек маселе канчалык татаал кыйын болгон чакта да, эки жактан тең канча адам өлдү канча үй күйдү , биз көбүрөөк жабыр тарттык бул оңой маселе эмес,бир иштин аягына чыгыш керек. Чечилбеген жерлерди калтырып чечилген жерлерди коррупционерлердее түшкөн акчага тосуш керек зым менен. Анан чек араныбы башка нерсениби сүйлөшүү жүргүзсө болот.
+6
bessmertiy
2021-05-31 22:06:26
Ташиевдин Тажик тарап өздөрү күнөөсүн моюнуна алганча күтөбүз дегенин эми түшүндүм. Көрсө чек араны жаап коюп, күнөөлөрұн моюндарына алып кечирим суратабыз дегенди жумшак айткан экен да.
+4
bessmertiy
2021-05-31 22:07:59
Чек араны ачпай турса эртең эле өздөрү төлөп берели, куруп берели, ит болдук, куш болдук, ушул күнгө туш болдук деп жалдырап келет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан