Бүгүн, 31-майда Токтогул суу сактагычына суунун агып келгени салыштырмалуу көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 31-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 145 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 815 метр куб, агып чыгышы 229 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
28-майда суу сактагычта 10 миллиард 10 миллион метр куб суу бар болчу.