Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматов кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Пирматов коррупция беренеси боюнча кармалган.
2015-жылы Жогорку Кеңешке келген Исхак Пирматов мандатын 28-майда өз каалоосу менен тапшырган.
Буга чейин, Исхак Пирматовдун жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун УКМКда сурак берип жатканы кабарланган.