Бүгүн, 31-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун алдына Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары чогулуп жатат.
Чогулгандар "Асылбек Жээнбеков, эл сиз менен", "Эл уулдарына эркиндик" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат. Чогулгандар болжолдуу 30дай адам.
Буга чейин Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.