Биз социалдык тармакта

Экс-депутат Талант Узакбаев кармалды

"Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талант Узакбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, экс-депутат бүгүн, 31-майда кармалды.

"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Т.Узакбаев кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omyke
2021-05-31 23:03:02
Ташиев Алга!!!Кустургулачы
+11
Reebok-citi
2021-05-31 23:21:08
Митинг кылып артынан чыкпагыла сураныч эл журт кустурсун баарын
+12
emirchik
2021-06-01 00:17:34
Ошолорду колдоп чыкандардыда камаш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан