Индиянын Уттар-Прадеш штатынын 9 абагындагы жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын арасынан 20 адам мөөнөтүнөн эрте боштондукка чыгуу укугунан баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, алар күч алып жаткан коронавирус инфекциясынан улам эркиндикке мөөнөтүнөн эрте чыгуудан баш тартышкан. Алардын айтымында, бул кырдаалда түрмөдө жатуу коопсуз шарттардын бири. Себеби түрмөдө аларга тамак берилет, зарыл дары-дармектер менен камсыздап турушат, ошондой эле ооруп калган учурда медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
"Мөөнөтүнөн эрте боштондукка чыгууга 21 жаран арыз жазган. Кийин алар өлкөдө абал оорлошуп жаткандыгына байланыштуу түрмөдө эле калууну туура көрүшкөн. Түрмөдө жашап туруу эркиндикте жүрүүгө караганда коопсуз деп баш тартышты. Себеби эркиндикке чыккандан кийин алар күнүмдүк жашоосу үчүн иштеп акча табышы керек болот", - деген Индиядагы Абак системасынын башчысы Ананд Кумар.