Биз социалдык тармакта

Балдарды коргоо күнү. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдарга видео куттуктоо жолдошту

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдардын Эл аралык коргоо күнүнө карата видео куттуктоо жолдошту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Видео куттуктоонун негизги максаты 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү жана жайкы каникулдун башталышы менен гана куттуктап калбастан, алардын келечеги жана жаркын турмушу үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин эскертүү болуп саналат.

Балалык - ар бир адамдын жашоосундагы өзгөчө мезгил. Себеби ушул куракта анын инсандык касиети калыптанат, ден соолук өзөгү түптөлөт. Өлкөдө үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, жогорку сапаттагы жана жеткиликтүү билим берүүнү, ошондой эле саламаттыкты сактоону өнүктүрүү маселелери биринчи кезектеги милдеттердин бири бойдон калууда.

Демек, ар бирибиз балдардын эң маанилүү укугун - татыктуу жана бактылуу балалыгын камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерибизди көрүүгө тийишпиз. Майрам күнү ар бир балдарыбыздын жүзүндө жылмаюу жаркырап, көздөрүндө кубаныч жана шаттык жаркырап турсун", - деп жазылат билдирүүдө.

Балдарды коргоо күнү. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдарга видео куттуктоо жолдошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан