Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКга суракка кирип чыкты.
Анын кайсы ишке байланыштуу сурак бергени белгисиз, эл өкүлү бул тууралуу комментарий берген жок.
31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бир нече саясатчыларды суракка чакырып, айрымдарын кармады.
Алар: мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев. Саясатчылардын көпчүлүгү "Кумтөр" иши боюнча сурак бергендиги белгилүү болгон.