Биз социалдык тармакта

Меридианна, Ыпып... Өлкөдө наристелерге ыйгарылган эң көп жана сейрек кездешүүчү ысымдар аталды

Акыркы 5 ай аралыгында наристелерге ыйгарылган сейрек жана популярдуу болгон ысымдар белгилүү болду. Өлкөнүн Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдын 5 айынын жыйынтыгын чыгарып, анда балдарга эң көп коюлган ысымдар Мухаммед жана Раяна экенин маалымдады.

Белгилүү болгондой, эркек балдардын арасында эң көп кездешүүчү 10 ысымдын ичине Умар, Рамазан, Али, Алихан, Алинур, Билал, Нурислам, Амир жана Эмир кирет. Ал эми кыздар арасында Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке деген ысымдар көп ыйгарылды.

"Кыздарга популярдуу ысымды тандоодо артыкчылык 2016-жылдан бери дээрлик өзгөргөн жок. Раяна ысымы бешинчи жыл катары менен алдыңкы орунда келе жатса, 6 жылдан бери жаңы төрөлгөн эркек балдар арасында эң популярдуу болгон ысым Умар бул жылы бир орунга ылдый түштү. Мухаммед ысымы биринчи орунга ээ болуп, 1449 ата-эне ымыркайларына Мухаммед деп ат коюшкан, бул Умардан (1418) 31ге көп", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекеттик каттоо кызматы балдар жөнүндө кызыктуу цифраларды даярдады. Кыргыз кыздарынын ата-энелеринин арасында популярдуу болгон адаттан тыш ысымдар: Ханбийке, Меридианна, Фея, Киара жана Сүйүү, ал эми балдар үчүн Атилла, Ыпып, Рамос, Сталин жана Хантеңирим.

Сейрек кездешкен ысымдар: Ассмо, Хаял, Сюита, Айел, Жанай, Чүрөк, Айлуу, Таңсулуу, Акылчач жана Аймелек (кыздар арасында), Назым, Эркебулан, Аймин, Тениз, Байрас, Кычан, Жалын, Бегим, Аяан, Улутман (балдар арасында).

Ушул жылдын 5 айында 52 миң 469 балага туулгандыгы боюнча каттоо жүргүзүлдү. 52 миң 541 жаранга бала төрөлгөндө бир жолку төлөм "балага сүйүнчү" (статистикага сүйүнчү пулду бала төрөлгөндө ала албай, бир канча убакыт өткөндөн кийин алгандар дагы кирет) берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
baisogur
2021-06-01 12:34:55
Нукура Кыргызча ат койгондон уялгандар кобойду
+7
KUMKA
2021-06-01 12:55:45
Кыргызча койгула аттарды, каяктагы арабдын аттарын кумир тутпастан

+3
Kari
2021-06-01 13:00:05
Нурлан,Бакыт,Седеп,Жибек,Бегимай деген аттар модадан калып кеткенби аа.Кайры,Катча,Балтабай деген аттарды кызыл китепке киргизиш керек
+7
Luna7
2021-06-01 13:32:23
Биздин айылда Бектур деген ат популярдуу,93 жылкылардан кийинкилердин ар биринде 3 4тон Бектур бар
+4
baisogur
2021-06-01 13:35:10
Кыргыз оз улутунун наристесине нукура ат койбосок бул жагы арап нарагы туркчо болуп кеттик атыбыз менен улут туптолот
+7
Kich20
2021-06-01 13:46:38
52469 балага туулгандыгы тууралуу каттоо жургузулсо
52541 балага кандайча суйунчу пул алышат туулгандан суйунчу пул алган кобуроок болуп жатпайбы
+2
Agayu
2021-06-01 14:27:30
Арабча ат эч нерсени чечпейт: эн башкысы акылы жакшы болсун : мееси иштеген Адам болсун и все .
+1
States
2021-06-01 16:11:59
Араб аттарын койуп араб болуп бутушуптур да . Дин дин дин
-2
Real98
2021-06-01 16:47:00
Биздин айылда Сыймыктар көп
+1
Aiymkunumjyldyzym
2021-06-01 17:59:33
Стамбул деген кызды кошуп койсонор болмок экен.
+1
nur85
2021-06-01 18:33:37
Нурүмүт , Нурдөөлөт , Аалымбек биздин уулдар.Кыргызча ысым койнонубузга сыймыктанам
+3
Sonyasonya
2021-06-01 21:11:32
Мен жаны торолгон уулумду Суймонкул деп койдук,башында непривычно болду Суймонкул деп атай албай,бирок азыр аябай жагып атат,Элдер да аябай соонун ат коюпсуздар деп атышат
+2
mirbek2211
2021-06-02 07:18:23
Керемет, Барсбек, Айсулуу, биздин балдар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан