31-майдан тарта "Манас" эл аралык аэропортунда COVID-19ду тез аныктоочу жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ПЦР-тестти "Манас" аэропортунун 2-кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырууга мүмкүн.
"Заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 пайыз так жыйынтык берет. ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1 жарым, 2 саат үчүн 3 миң 499 сом, 4-5 саат үчүн 2 миң 399 сом", - деп айтылат маалыматта.