Улугбек Кармышаков президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Буга чейин ал экономика жана финансы министри - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.
Бул кызматка Акылбек Жапаров дайындалды.
Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген Медербек Сатыев бул кызматтан бүгүн бошотулду.