Биз социалдык тармакта

Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Улугбек Кармышаковдун өмүр таржымалы

Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Улугбек Кармышаковдун өмүр таржымалы. Ал 1963-жылы 22-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. 1981-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумун, 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1981-1982-жылдары Ош облусунун Совет райондук статистика бөлүмүнүн улук экономисти;

1983-1985-жылдары Латвия ССРинде Советтик армиянын катарындагы кызматында взводдун командиринин орун басары;

1982-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти;

1989-1993-жылдары Ош облустук финансы башкармалыгынын улук экономисти, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы;

1993-1994-жылдары Ош шаардык финансы башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары;

1994-1995-жылдары Ош облусу боюнча Салык полициясы башкармалыгынын уюштуруу-аналитика бөлүмүнүн башчысы;

1995-1996-жылдары Ош облустук финансы башкармалыгынын башкы контролёр-ревизору;

1996-2000-жылдары Финансы министрлигинин Коргонуунун жана мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо башкармалыгынын мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо бөлүмүнүн башчысы;

2000-2001-жылдары Финансы министрлигинин Чыгашалар департаментинин бюджет башкармалыгынын Бюджеттик саясатты жана чыгашаларды анализдөө бөлүмүнүн башчысы;

2001-жылы Финансы министрлигинин башкы бюджет башкармалыгынын бюджетти анализдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы;

2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын мамлекеттик бюджет бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы;

2002-2004-жылдары Финансы министрлигинин Аудит жана бухгалтердик эсептин методологиясы кызматынын башчысы;

2004-2006-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башчысы;

2006-2008-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин Коррупциянын алдын алуу боюнча башкармалыгынын башчысы;

2008-жылы Финансы министрлигинин Финансылык контроль башкармалыгынын башчысы;

2008-2009-жылдары Финансы министрлигинин Финансылык-бюджеттик контроль башкы башкармалыгынын башчысы;

2010-2011-жылдары Финансы министрлигинин Депозиттерди коргоо агенттигинин башкы аудитору;

2011-2012-жылдары Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин башкы аудитору;

2013-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агрардык саясат жана айыл чарба өндүрүшүн стратегиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы;

2013-2015-жылдары "РСК Банк" ААКнын ички аудит бөлүмүнүн башчысы;

2015-2021-жылдары финансы министринин орун басары.

2021-жылы экономика жана финансы министри - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан