Окуя 1998-жылы болгон. Казакстанда дүкөндөн 1100 теңге уурдаган жаран эми кармалды

Казакстандын Жезказган шаарында мындан 22 жыл мурун уурулук кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, 1998-жылы 15-декабрда Жезказган шаарынын полиция башкармалыгына 37 жаштагы келин кайрылган. Анда ошол эле күнү түшкө маал өзү иштеткен дүкөнгө ууру кирип, бычак менен коркутуп 1 миң 100 теңге өлчөмүндөгү акча каражатын алып кеткендигин билдирген. Бул иш каттоого алынып, издөө иштери башталганы менен натыйжа чыкпай, 1999-жылы 17-февралда издөө иштери токтотулган.

Арадан 22 жыл өткөндөн кийин гана, тагыраагы ушул жылдын 31-май күнү иштин жаңы жагдайлары боюнча бул иш кайрадан иликтөөгө алынган. Бул кылмыш ишине шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалып, кылмышын моюнуна алгандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaynak
2021-06-01 16:02:15
Кыныр иш 22 жылда билинет.
Кыргыз эл макалы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан