Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында, социалдык жана турак жай объектилериндеги, ошондой эле Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык (25,1 чакырым), Ак-Сай - Рават (25 чакырым), Кулунду – Максат - Арка (30 чакырым) жана Самаркандек - Даркум - Мадиген (44,1 чакырым ) унаа жолдорундагы оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Курулуш подрядчиктери менен жолугушуу учурунда оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринин жүрүшүн үзгүлтүксүз мониторингдөө үчүн күнү-түнү видеокөзөмөл камераларын орнотуу жөнүндө макулдашуу болду.
Учурда аталган иштер бекитилген көлөмдө жүргүзүлүүдө, айрым объектилерде видеокөзөмөл камералары орнотулган (Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы орто мектептин курулушу).
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча, аткаруу мөөнөтү жана жооптуу жактар көрсөтүлгөн тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилген.
Маалымдама: Курулуп жаткан жолдордун жалпы узундугу 124,2 чакырымды түзөт. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу пункттарындагы социалдык объектилерди жана транспорт инфраструктурасын калыбына келтирүү максатында өкмөттүн 2021-жылдын 3-майындагы №114-б буйругу менен республикалык бюджеттен 700 миллион сом бөлүнгөн.