Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары бүгүн, 1-июнга караган түнү Кыргыз-Тажик чек арасынан Тажикстандын бир дронун атып түшүрүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Тажикстандын 2 дрону Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирип кеткен. Аны чек арачы байкап калгандан кийин ок чыгарган. Эки дрондун бирөө качканга үлгүрүп, бирөө атып түшүрүлгөн. Дрон Баткен районунун Миң-Булак заставасына жакын жерден атып түшүрүлгөн.
Бул боюнча Чек ара кызматына байланышканыбызда маалыматты кийинчерээк тактап берерин билдиришти.