Бүгүн, 1-июнда Түркиянын элчилигинин алдында өтүп жаткан митингдин катышуучуларына элчиликтен өкүл качан жооп берери белгисиз. Бул тууралуу жеринде жүргөн укук коргоо органдарынан билдиришти.
Ал эми митингдин катышуучулары 17:00дөн тарта жооп күтүп жатышат. Алар "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз жоголуусуна байланыштуу чечкиндүү жооп күтүшүүдө.
Чогулгандар Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси чыгып бизге жооп берсин деп талап кылышууда.
"Ар кандай версиялар айтылып жатат. Мурдагы "Себаттын" директору кылды деген дагы кептер бар. Орхан Инандыны кармап кеткен болсо бошотушсун. Азыр элчиликтин өкүлү чыгып жооп берсин", - деп билдиришти лицейдин бүтүрүүчүлөрү.