Бүгүн, 1-июнда депутат Рыскелди Момбеков УКМКга сурак берип чыкты. Сурак берүү 4 жарым саатка созулду.
"Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болуп өзгөчө пикир менен чыккам. "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча сунуш айткам. Ошонун негизинде суроолор болду. Дагы качан суракка чакырыларым белгисиз", - дейт ал.
Кечээ, 31-майда Рыскелди Момбеков УКМКга "Кумтөр" боюнча суракка чакырылганы кабарланган.