Бүгүн, 1-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун алдына Өмүрбек Бабановду колдоп келген адамдардын саны көбөйүүдө.
Учурда болжол менен 60тай адам чогулду. Чогулгандар колдоруна "Мен Бабановго ишенем", "Бабанов Кыргыз элинин сыймыгы", "Эр эмгегин эл жебейт" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат.
Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралышы мүмкүн.
Өмүрбек Бабанов кечээ, 31-майда УКМК тарабынан Кумтөр иши боюнча кармалган.