Бүгүн, 1-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 204 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 1-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 204 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 977 метр куб, агып чыгышы 290 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 31-майда суу сактагычта 10 миллиард 145 миллион метр куб суу бар болчу.