Эртең, 2-июнда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилер жумуштарына чыкпай тургандыктары айтылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
Ал эми маршруттук такси айдаган айдоочуга байланышканыбызда атын айткысы келбей төмөнкүлөргө токтолду:
"Эмне болорун эртең көрөбүз. Бригадирибиз эртең менен байланышабыз деди. Эл эмне болсо биз дагы кошулабыз да", - деди айдоочу.
Ал эми SUPER.KG порталы дагы бир маршруттук таксинин айдоочусу менен байланышканда эртең, 2-июнда жумушка чыкпай тургандыгын айтты.
Маршруттук таксинин айдоочулары январь айында жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып митингге чыгышкан.