Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү

Кечээ, 1-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчылары Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулунун жакын туугандарын кабыл алып, төраганын резервдик фондунан 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда маркумдардын мекен алдындагы парзын аткарууда көрсөткөн каармандыктары жана эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын төрага айтып өттү.

"Ушундай уулдарды тарбиялагандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана алар түбөлүккө улут сыймыгы болуп кала берет", - деди Талант Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан