Бүгүн, 2-июнга карата өлкөнүн медициналык жайларында 1 миң 660 бейтап коронавирус инфекциясынан дарыланууда. Бейтаптардын абалы тууралуу республикалык штаб төмөндөгүдөй маалымат жасады.
* 22 бейтап - канааттандырарлык абалда;
* 1 миң 100 бейтап - орто оордукта;
* 444 бейтап - оор абалда;
* 94 бейтап - өтө оор абалда.
Ал эми 1 миң 782 бейтап амбулатордук дарыланууда.