Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыкпай койгону боюнча маселе көтөрдү.
"Маршруттук таксилерде кандай көйгөйлөр болуп жатат? Бул маселени мэрия чече албай жатат. Коомдук транспорт маселесин карасак автобус, троллейбус алуу керек. Өкмөткө тапшырма берүү шарт", - деди ал.
Бүгүн Бишкек шаарындагы маршруттук таксилер жумушка чыкпай тургандыгы айтылган. Учурда аялдамаларда топтолгон эл маршруттук таксилерди күтүп жаткандыктарын көрүүгө болот. Учурда борбор калаада троллейбустар, автобустар гана толук кандуу иштеп жатат.
Маршруттук таксинин айдоочулары январь айында жол киренин көтөрүлүшүн талап кылып митингге чыгышкан.