АКШнын Калифорния штатында аял иттерин жырткычтан коргош үчүн аюу менен алышты. Видео 1-июнда TikTok социалдык тиркемесине жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуянын жарыяланган кадрларында аюу балдары менен жеке үйдүн тосмосуна чыкканын көрүүгө болот. Жырткычты көрүп, ага үч кичине, бири чоң, жалпысынан төрт ит кол салган. Аюунун балдары качып, өзү болсо иттер менен күрөшүүгө аракет кылган. Үйдүн кожойкеси үй жаныбарларына жардамга чуркап барып, жырткычты колдору менен тосмодон сүрүп чыгарганга жетишкен. Андан кийин аял үй жаныбарларын үйгө алып кирип кеткен.
Кийинчерээк видеокөзөмөлдөө камерасы тарабынан тартылган видеонун автору аюу иттердин бирине жеңил жаракат келтирген деп айткан. Окуядан кийин жырткыч тукуму менен аймакты таштап кеткен.