Ош шаарында бир катар спортчуларга жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан бир катар спортчулар сыйланды.
Сыйлангандар:
Грек-рим күрөшү боюнча Азия лицензиондук мелдештин жеңүүчүсү Акжол Махмудов - 100 миң сом;
Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпиондугунун коло медалынын ээси Кубаныч Айбек уулу - 50 миң сом;
Бокс боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медалынын ээси Жантөрө Ташиев - 50 миң сом;
Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси Бексултан Махмудов - 50 миң сом;
Эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси Икрам Хажимуратов - 50 миң сом;
Мындан сырткары аталган спортчулардын машыктыруучуларына да 10 миң сомдон тапшырылды.
Вице-мэр Эмил Шадыханов Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан спортчуларды жана машыктыруучуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, жаңы жеңиштерди каалады.