Бишкектин экс-вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-майда журналисттерге билдирди.
Амантуров үй камагына качан, кандай шартта чыкканын тактаган жок.
Мурдагы вице-мэр ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип УКМК тарабынан кармалганы өткөн жылдын 30-декабрында белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча орун басары болгон.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө "Бишкек асфальт сервис" ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес. Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирген УКМКнын басма сөз кызматынан.